Тогуз коргоол манкала оюндар үй-бүлөсүнө кирет. «Манкала» сөзү «жылдыруу, кыймыл» деген маанини билдирет.
Тогуз коргоолдо, бул оюндун кыргызча түрүндө, оюнчунун максаты — мүмкүн болушунча көбүрөөк коргоол топтоо. Оюнда ар бир оюнчуда тогуздан чуңкурча болуп, ар биринде тогуздан коргоол жайгашат. Тогуз — көчмөн түрк элдери үчүн, анын ичинде кыргыздар үчүн да ыйык сан болуп эсептелет. Кыргыз тилинде «коргоол» «койдун кыгын» билдирет. Илгери оюнда сырткы көрүнүшү жана көлөмү боюнча койдун кыгына окшош майда таштар колдонулган.
Көчмөн түрк элдери үчүн, анын ичинде кыргыздар үчүн да бул оюндун мааниси чоң болгон. Согушкер эл тынч мезгилде тогуз коргоол ойноо аркылуу аскердик-стратегиялык ой жүгүртүүсүн өнүктүргөн. Оюндун негизинде душмандын аскерлерин, байлыгын жана мүлкүн «басып алуу» түшүнүгү жатат. Мында ар бир коргоол бир жоокерди символдоштурат.
Тогуз коргоолдун манкала оюндарынан айырмачылыгы — эрежеге ылайык алынган коргоолдордун ичинен бирөө сөзсүз ошол чуңкурчада калтырылат. Бул түрк көчмөн элдеринин коомдук жашоосунда ата-бабанын очогун сактоо салтынын бир түрдөгү чагылдырылышы болуп эсептелет.