Skip to main content

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары

Мангала

Мангала – түрк элинин интеллектуалдык-стратегиялык оюну. Аны эки адам ойнойт. Оюн тактасында эки катарга жайгашкан алтыдан бирдей чуңкурча болуп, жалпысы 12 кичине чуңкурчаны түзөт. Ошондой эле оюнчулар таштарды чогулта турган чоң топтоочу чуңкурчалар — сактагычтар бар. «Мангала» оюну 48 таш менен ойнолот.

Оюн чүчүкулак менен башталат. Оюнчулар 48 ташты 12 чуңкурчанын ар бирине төрттөн бөлүштүрүп жайгаштырышат, ал эми топтоочу чуңкурчалар бош калат. Тактанын өз тарабындагы алты кичине чуңкурча оюнчунун талаасы болуп саналат, ал эми карама-каршы жайгашкан алты чуңкурча атаандашынын талаасы болуп эсептелет. Оюнчулар мүмкүн болушунча көбүрөөк таштарды өз сактагычына топтоого аракет кылышат. Оюнда эң көп таш топтогон оюнчу жеңишке жетет.