Skip to main content

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары

VI ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНЫН

МАДАНИЙ ПРОГРАММАСЫ

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасы (мындан ары — ДКО) этникалык спорт түрлөрү жана илимий-гуманитардык блок менен катар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын концептуалдык моделинин үч негизги компонентинин бири болуп саналат. Ал көчмөн цивилизациясын комплекстүү чагылдырууну камсыз кылат. Долбоор ЮНЕСКО тарабынан материалдык эмес маданий мурастарды сактоонун үлгүсү катары таанылган жана көчмөн элдердин салттарын дүйнөлүк деңгээлде жайылтуучу аянтча болуп эсептелет.

ИДЕОЛОГИЯЛЫК НЕГИЗ

Маданий программанын негизинде көчмөн цивилизациясы мобилдүүлүккө, ыңгайлашууга жана маданияттар аралык өз ара аракеттенүүгө ачыктыкка негизделген универсалдуу дүйнө тааным модели катары каралат. Бул Программаны дүйнө элдеринин маданий мурастарын көрсөтүү, сактоо жана жайылтуу боюнча эл аралык платформага айландырып, ДКОнун стратегиялык гуманитардык багыты катары кызмат кылат. Программа жөн гана статикалык сактоонун чегинен чыгып, байыркы салттар заманбап глобалдык процесстер менен айкалышкан «жандуу мурас» моделин ишке ашырат.
«КӨЧМӨНДӨР ААЛАМЫ — ЖАНДУУ МУРАС» ЭТНОМАДАНИЙ ШААРЧАСЫ

«Көчмөндөр ааламы» этномаданий шаарчасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Маданий программасынын эки негизги түзүмдүк бөлүгүнүн бири болуп саналат
жана анын мейкиндиктик-маңыздык платформасы катары кызмат
кылат.

«Көчмөндөр ааламы: доорлор байланышы» эл аралык этномаданий фестивалы

«Көчмөндөр ааламы: доорлор байланышы» эл аралык этномаданий фестивалы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Маданий программасынын негизги курамдык бөлүктөрүнүн бири болуп саналат.

«Art Lab» чыгармачыл лабораториясы

«Art Lab» чыгармачыл лабораториясы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын интеллектуалдык-көркөм хабы болуп
саналат жана иш-чаралык активдүүлүктөн туруктуу мурастын калыптанышына өтүүнү камсыз кылат.