2014-жылдын 9–14-сентябры
Чолпон-Ата, Кыргыз Республикасы
19 өлкөдөн 1200дөн ашык делегат
10 мелдештик жана 4 көрсөтмөлүү этнодисциплина, маданий иш-чаралар, илимий конференция
2012-жылы Бишкекте өткөн түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын саммитинде — Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркиянын катышуусунда — Бишкек декларациясына кол коюлган. Бул документ жаңы эл аралык формат — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизин түзгөн.
Биринчи кадам 2014-жылы жасалган: Кыргызстан тарыхтагы алгачкы Оюндарды өткөрүп, 19 өлкөдөн болжол менен 500 спортчуну чогулткан. Бул спортту, маданиятты жана илимди бир аянтчага бириктирген долбоордун башаты болду. Оюндар көрсөткөндөй, көчмөн мурасы заманбап маданияттар аралык диалогдун негизине айлана алат.
Мелдештер 10 негизги дисциплинаны жана 4 көрсөтмөлүү түрдү камтыды.
Алардын катарында — ат оюндары, улуттук күрөш түрлөрү, интеллектуалдык жана салттуу оюндар бар.
Мелдештерге 583 спортчу, 583 спортсмена, 188 машыктыруучу жана калыстар,ошондой эле 230 жылкы катышкан.
Чолпон-Атадагы ипподромдо ачылыш жана жабылыш аземдери өткөрүлдү.
Кырчын капчыгайында айтыштар, концерттер, кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү жана этнобазар менен этношаар уюштурулду.
Маданий бөлүккө 1200 ашык адам — артисттер, усталар жана чыгармачыл жамааттар катышкан.
Атайын курулган ипподром, "Рух-Ордо"маданий борборужана «Көчмөндөр ааламы»айылы жайгашканКөчмөндөр ааламыИнфраструктура сахналарды, көрүүчүлөр үчүн аймактарды, боз үй комплекстерин, экоаянтчаларды, этнобазарды жана бардык келгендер үчүн жеткиликтүү интерактивдүү зоналарды камтыган.