Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынын жетекчисинин орун басары Белек Усенбеков 2026-жылдын 6-февралында Саха Республикасынын (Якутия) дене тарбия жана спорт министри Леонид Спиридонов менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө улуттук спорт түрлөрү жана салттуу маданият жаатындагы кызматташуу маселелери талкууланды. Эл аралык катчылык өз кезегинде россиялык тарапты «хапсагай» улуттук күрөшүнүн алдыдагы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги спорттук программасына киргизилиши менен куттуктады.
Ошондой эле Эл аралык катчылык «мас-рестлинг» спорт түрү Кыргыз Республикасында өткөн 2016, 2018 жана 2026-жылдардагы, Түркия Республикасында өткөн 2022-жылдагы жана Казакстан Республикасында өткөн 2024-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасына киргизилгенин белгиледи.
