Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында туризм тармагы менен кызматташууну күчөтүүдө.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү алкагында Эл аралык катчылык Кыргыз Республикасынын туризм тармагынын өкүлдөрү менен өз ара кызматташууну кеңейтүүдө. Бул багыттагы иштер Оюндардын аккредитацияланган катышуучулары үчүн гана эмес, ошондой эле Оюндар өтүп жаткан мезгилде өлкөгө келе турган туристтер жана коноктор үчүн жайгаштыруу жана тейлөө боюнча ыңгайлуу инфраструктураны түзүүгө багытталган.
Туризм тармагындагы өнөктөштөргө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык, программа, негизги иш-чаралар жана өткөрүлүүчү жайлар тууралуу актуалдуу маалыматтар берилип турат. Бул туристтик секторго өз кызматтарын өз убагында ылайыкташтырууга жана коноктор менен туристтерге сапаттуу тейлөө көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
Аталган иштин алкагында Оюндар өтүүчү мезгилде жайгаштыруу кызматтарын өнүктүрүүгө жана коноктор үчүн ыңгайлуулукту жогорулатууга багытталган IZDE платформасы менен өнөктөштүк түзүлдү.
