Skip to main content

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары

Кытайдын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусу боюнча маселелер талкууланды

Кытайдын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусу боюнча маселелер талкууланды

Кытайдын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусу боюнча маселелер талкууланды

2026-жылдын 6-мартында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгында Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин саясий бөлүмүнүн башчысы Ю Чжоулинь айым менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынын жетекчисинин орун басары Белек Усенбековдун иш жолугушуусу болуп өттү.

               
Жолугушуунун жүрүшүндө Белек Усенбеков VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн расмий чакыруулар буга чейин дипломатиялык каналдар аркылуу Кытай Эл Республикасынын спорт, маданият жана илим тармактары боюнча негизги министрликтерине жана ведомстволоруна жөнөтүлгөнүн билдирди.
Ошол эле учурда салттуу кытай күрөшүнүн түрлөрүнүн бирин көрсөтмө программага киргизүү маселеси каралып жаткандыгы белгиленди. Бул демилге кытай күрөшүн эл аралык деңгээлде мындан ары өнүктүрүүгө жана кеңири жайылтууга өбөлгө түзүшү мүмкүн.
Өз кезегинде Ю Чжоулинь айым Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин атынан Кытай Эл Республикасынын делегациясынын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусуна жогорку кызыкдарлыгын билдирди. Ошондой эле кытай тарап спорттук командадан тышкары маданий жана илимий программалардын өкүлдөрүнүн катышуу мүмкүнчүлүгүн да карап жаткандыгы белгиленди.
Тараптар активдүү кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Мында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи Шанхай кызматташтык уюмунун саммити менен катар өтөрү да өзгөчө белгиленди.