Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгы 2026-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасында өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жаңы визуалдык айдентикасын тааныштырды.
Айдентиканын концепциясы муундардын уланмалуулугу жана маданий тамырларга болгон урмат-сый идеясына негизделген. Борбордук графикалык образ катары дарактын кесиндиси тандалып алынган. Анын шакектери убакытты, эстутумду жана муундан муунга өтүп келген салттардын туруктуулугун символдоштурат. Композициянын борборунан тараган сызыктар жаңырыкты элестетет — бул Кыргызстанда жаралып, эл аралык деңгээлде өнүгүүнү тапкан идеянын образы. Спирал сымал форма көчмөндөр үчүн багыт берүүчү болгон Саманчынын жолун да эске салат жана бүгүнкү күндө кыймылды, өз жолун издөөнү жана маданияттарды бириктирүүнү символдоштурат.


Графикалык стиль байыркы чегилген сүрөттөрдөн жана аска бетиндеги сүрөттөрдөн шыктануу алган. Жөнөкөй, бирок таасирдүү формалар эл аралык аудитория үчүн түшүнүктүү болгон универсалдуу визуалдык тилди түзүп, санариптик чөйрөдө да, ири визуалдык алып жүрүүчүлөрдө да натыйжалуу колдонууга мүмкүндүк берет.
Айдентиканын элементтерин жана аны колдонуу мисалдарын камтыган медиаматериалдар жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жана өнөктөштөргө суроо-талап боюнча берилет. Материалдарды өзгөртүүсүз колдонуп, төмөнкү булакты милдеттүү түрдө көрсөтүүнү өтүнөбүз: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгы.
