Skip to main content

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары

Алыш

Алыш

Алыш — кыргыз элинин бел боо менен кармашып күрөшүүчү улуттук күрөшү. Бул күрөштө атаандаштар бири-бирин белинен бекем кармап, кармашты ошол кармоону сактоо менен жүргүзүшөт. Алышта эки түр бар: эркин стиль (анда бут менен техникалык ыкмаларды колдонууга уруксат берилет) жана классикалык стиль (бут менен ыкмаларды колдонууга тыюу салынат).

«Алыш» бел күрөшүнүн тарыхы терең байыркы доорлорго барып такалат. Бул күрөш кыргыз элинин эң байыркы спорттук оюн түрлөрүнүн бири болуп эсептелет.

Балбандар атайын көк жана жашыл түстөгү футболка, ак шым жана кызыл кур кийишет. Баштапкы абалда спортчунун башы атаандашынын ийин бөлүгүнө таянып, ал колдорунун алдынан атаандашынын бут кыймылдарын көзөмөлдөп турат. Балбандар атаандашынын курунан кармашып, белинен алдыга эңкейген абалда кармаш жүргүзүшөт: оң кол атаандашынын колунун астынан өткөрүлүп, сол колу анын оң колунун үстүнөн кармалат. Күрөш тик турган абалда гана өтөт. Ар бир балбандын негизги милдети — атаандашын курдан бошотпостон, аны жону менен жерге жыгууга аракет кылуу.