Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык секретариатынын жетекчисинин биринчи орун басары Белек Усенбеков менен АКШнын Тынчтык корпусунун Кыргыз Республикасындагы директору Мэтью Дэвид Смиттин жолугушуусу өттү.
Тынчтык корпусунун миссиясы — өз ара түшүнүшүүнү, маданий алмашууну жана ыктыярдуу кызматты өнүктүрүү аркылуу элдер ортосунда тынчтыкты жана достукту чыңдоо болуп саналат. Бул Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өлкөлөрдү бириктирүүгө жана маданий мурасты сактоого багытталган рухуна түздөн-түз шайкеш келет.
Эске салсак, Тынчтык корпусунун ыктыярчылары 2018-жылы Кыргыз Республикасында өткөн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ордо жана интеллектуалдык оюндар боюнча мелдештерге активдүү катышкан.
