Оргкомитеттин төрагасынын, мүчөлөрүнүн, Эл аралык катчылыктын жана Оюндардын авторунун расмий маалымат жыйыны
2025-жылдын 24-июлунда Бишкек шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Уюштуруу комитетинин расмий маалымат жыйыны болуп өттү. Жолугушууда Оюндардын концепциясы, даярдыктын учурдагы жүрүшү жана программанын негизги багыттары — спорттук, маданий жана илимий бөлүктөрү тааныштырылды.
Маалымат жыйынына төмөнкүлөр катышты:
-
Эдил Байсалов — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин төрагасы;
-
Мирбек Мамбеталиев — Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
-
Айбек Абдымомунов — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору;
-
Бекбосун Борубашов — Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасы;
-
Нурсултан Аденов — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынын жетекчиси (модератор);
-
Асхат Акибаев — «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» долбоорунун автору, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча комитеттин мүчөсү.
Жыйындын соңунда катышуучулар даярдыктын артыкчылыктуу милдеттерин, эл аралык кызматташтыктын негизги багыттарын жана этноспортту өнүктүрүү маселелерин белгилеп, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

Кыргызстан 2026-жылы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын кабыл алат
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгында Казакстан Республикасы VI Оюндарды өткөрүү эстафетасын Кыргыз Республикасына өткөрүп берди. Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин демилгеси менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү 2026-жылдын сентябрь айына пландалган.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы №872-р тескемесине ылайык, 2026-жылы өтүүчү VI ДКОго өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүүнү камсыз кылуучу Уюштуруу комитети түзүлгөн.
Уюштуруу комитетинин курамына мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы өкүлдөрү, республикалык маанидеги шаарлардын мэрлери, улуттук компаниялардын жана ишканалардын жетекчилери, ошондой эле коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирген. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Катчылыгынын функциялары «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгы» коомдук бирикмесине жүктөлгөн.
Катчылыктын сунушу менен Уюштуруу комитети VI ДКО жөнүндө Жобону бекиткен. Бул Оюндардын негизги жөнгө салуучу документи болуп саналат жана катышуучу өлкөлөрдүн делегациялары үчүн катышуу шарттарын кеңири баяндайт. Жобо Кыргыз Республикасынын расмий дипломатиялык каналдары аркылуу катышуучу өлкөлөргө жөнөтүлүп, VI ДКОго расмий чакыруу катары эсептелет.
Өтүү жайлары жана программа: Бишкек жана Ысык-Көл облусу
2026-жылы Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрөт. Ачылыш жана жабылыш аземдери Бишкек шаарындагы жаңы стадиондо өтөт, ал эми спорттук мелдештер Ысык-Көл облусунда — көл жээгинде жана Кырчын жайлоосунда уюштурулат. Бул тууралуу маалымат жыйынында маданият министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.
«Маданият министрлиги иш-чаранын маданий бөлүгүнө жооп берет. Оюндардын алкагында этношаарча — “Көчмөндөр ааламы” курулуп, анда конокторду этно бий, этно ыр жана этно мода фестивалдары күтөт. Кошумча жайлар тууралуу кийинчерээк маалымдайбыз», — деп белгиледи ал.
Спорттук программа: улуттук курама командаларды даярдоо жана жаңы мелдеш форматы
Спорттук программа үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жооп берет. Агенттиктин директору Айбек Абдымомуновдун айтымында, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын сентябрь айында өтөт.
«Агенттик Оюндардын спорттук бөлүгүн координациялайт жана ишке ашырат. Мелдештер бекитилген этноспорт түрлөрү боюнча өткөрүлөт. Биз 2025-жылдан тартып улуттук курама командаларды түзүүнү, тандоо мелдештерин жана окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүнү камсыздайбыз», — деди Абдымомунов.
Ал ошондой эле калыс жана кесипкөй калыстыкты камсыздоо үчүн ата мекендик адистерден жана чет өлкөдөн чакырылган эксперттерден турган калыстар курамы түзүлөрүн белгиледи. Алгачкы жолу атаандаштыкты күчөтүүгө жана айрым дисциплиналардын саясатташуу деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган клубдук система форматын киргизүү пландалууда.
«Спорттук программа — Оюндардын негизги элементи. Ал жогорку жоопкерчиликти, так координацияны жана сапаттуу даярдыкты талап кылат. Спорттук программаны каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жана зарыл болгон учурда бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу аркылуу камсыздалат», — деп кошумчалады Абдымомунов.
