«Биримдик кербени» долбоору — Кыргыз Республикасы үчүн суунун турмуштук маанисин жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы анын символдук ордун баса белгилеген улуттук Суу эстафетасы.
Кыргыз эли үчүн суу — жашоонун, тазалыктын жана муундардын уландысынын булагы. Оюндардын концепциясында ал биримдикти жана жаңыланууну символдоштурат.
Долбоор өлкөнүн бардык аймактарын камтып, алардын маданий байлыгын көрсөтөт жана улуттук биримдик идеясын бекемдейт. «Биримдик кербени» VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү процессине калкты алдын ала тартып, ар бир аймакка бул эл аралык иш-чарага өз салымын кошууга мүмкүнчүлүк берет.
Долбоорду ишке ашыруунун этаптары:
- 2025-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында тандоо иш-чаралары өткөрүлүп, алардын жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр аныкталат:
- Аймактардын баатырлары — өлкөнүн ар бир аймагын өкүлчүлүк кылган инсандар;
- Элчилер — аймактын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон белгилүү жана көрүнүктүү өкүлдөр;
- Ыйык булак — аймактагы эң белгилүү суу булагы (көл, дарыя, булак ж.б.).
- 2026-жылдын июнь айында Башкы Баатыр кыргыз элинин биримдигин символдоштурган сууну өлкөнүн Башкы көөкөрүнө толтуруу үчүн Хан-Теңири чокусунун мөңгүлөрүнө көтөрүлөт. Салтанаттан кийин көөкөр Бишкек шаарындагы Башкы суу сактагычка жеткирилет.
Ошондой эле 2026-жылдын июнь айынан тартып ар бир аймакта ыйык булактардан алынган суу менен аймактык көөкөрлөрдү толтуруу жана Сууну даңазалоо аземдери өткөрүлөт. Аземдер аяктагандан кийин көөкөрлөр аймактык Суу сактагычтарга орнотулуп, алар аймактын тургундары жана коноктору үчүн ачык болот.
- 2026-жылдын 15-августуна чейин Баатырлар аймактык көөкөрлөрдү Бишкек шаарына жеткиришет. Алар борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн ачык болгон Башкы суу сактагычка жайгаштырылат.
- 2026-жылдын 31-августунда, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш күнү, Башкы Баатыр, аймактардын Баатырлары жана Элчилер салтанаттуу кербендин курамында «Азаттык-Арена» стадионуна карай жөнөшөт.
Ачылыш аземинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан чогултулган суу салынган көөкөрлөр, ошондой эле катышуучу өлкөлөрдүн делегациялары алып келген суулар салтанаттуу түрдө Бирдиктүү көөкөргө бириктирилет. Ал элдердин ортосундагы биримдиктин, ынтымактын жана өз ара урматтоонун символу болуп саналат.