Көк бөрү — кыргыз элинин жана Азиядагы башка элдердин байыркы ат үстүндөгү улуттук спорттук оюну. Эл арасында бул оюн «улак тартыш» деп да аталат. Көк бөрү — ат чабыш менен командалык оюнду айкалыштырган спорт түрү. Чабандестер улактын сөөгүн талашып, аны ээлеп, кармап калып, атаандаш команданын тай казанына таштоого аракет кылышат.
Бул оюн ошондой эле Казакстанда, Россиянын айрым аймактарында (Алтай, Башкортстан ж.б.), Өзбекстанда, Тажикстанда, Ооганстанда, Пакистанда, Кытайда, Түркияда жана Монголияда кеңири таралган.
«Көк бөрү» аталышы «боз карышкыр» деген маанини билдирет. Илгери атчан аңчылар карышкырды кууп жетип, союл менен өлтүрүшкөн. Карышкырды өлтүргөн аңчы анын сөөгүн атынын ээринин үстүнө туурасынан салып алган, ал эми башка чабандестер аны тартып алууга аракет кылышкан. Айылга кайтып бара жаткан жолдо ушул тартыш кийинчерээк көк бөрү оюнуна айланган.
Көк бөрүнүн эрежеси боюнча ар бир командада 12 чабандес жана 12 ат болот, бирок оюн талаасында бир убакта ар бир командадан төрттөн оюнчу гана ойнойт. Оюн 20 мүнөттөн үч мезгилден турат. Оюндун максаты — улакты ээлеп, аны мүмкүн болушунча көп жолу атаандаштын тай казанына таштоо.