| Куш салуу
Салбуурун – аңчы куштар жана тайган иттер менен өткөрүлүүчү кыргыз элинин комплекстүү аңчылык оюндары. Бүркүт, шумкар, карчыга жана тайган менен аңчылык кылуу кыргыз эли үчүн салттуу болуп эсептелет. Бул жапайы жырткыч жаныбарларды адамга кызмат кылууга үйрөтүү үчүн алардын мүнөзүн, адаттарын жана мүмкүнчүлүктөрүн жакшы билүү зарыл болгон. Кыргызстан — бүркүт, шумкар, карчыга жана тайганды чыныгы аңчылыкта колдонуу салты бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган сейрек өлкөлөрдүн бири. Бул аңчылык көңүл ачуу үчүн эмес, үй-бүлөнү камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт. Күчтүү кушту колго кондуруп, анын салмагын, буттарынын күчүн, тумшугунун жана тырмактарынын кубатын сезгенде, анын текебер келбетине жана өтүмдүү карашына эрксизден урмат пайда болот. Аңчылыктын объектилери катары коён, түлкү, карышкыр, чөө, кээде элик эсептелет. Куш салуу – карчыга менен аңчылык кылуу. Мелдеш 400 метр аралыкта карчыганы чакыруу аркылуу өткөрүлөт. |