Skip to main content

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары

VI Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары: Кыргыз Республикасы 2026-жылы оюндарды кабыл алат

VI Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары: Кыргыз Республикасы 2026-жылы оюндарды кабыл алат

VI Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары: Кыргыз Республикасы 2026-жылы оюндарды кабыл алат

VI ДКО: Кыргызстан эстафетаны кабыл алат

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгы боюнча Казакстан Республикасы эстафетаны Кыргыз Республикасына өткөрүп берди. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын сентябрь айында Кыргызстанда өтөт.

Уюштуруучу катары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети чыгат. Оюндарды даярдоо жана өткөрүү үчүн Уюштуруу комитети түзүлүп, Катчылыктын функциялары «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгы» коомдук бирикмесине жүктөлгөн.

Катышуу регламенти

Өлкө-делегациялардын катышуусун жөнгө салуучу негизги документ — VI ДКО жөнүндө Жобо болуп саналат. Ал катышуу шарттарын камтыйт жана Кыргыз Республикасынын расмий дипломатиялык каналдары аркылуу катышуучу өлкөлөргө жөнөтүлүп, расмий чакыруу катары кызмат кылат.

Программанын үч багыты: спорт, маданият жана илим

ДКО программасы салттуу түрдө үч негизги багыттын айланасында түзүлөт.

Спорттук программа этноспорттун түрлөрүн, салттуу оюндарды жана дүйнө элдеринин мелдештерин бириктирет. Мелдештердин эрежелери жана форматтары Оюндардын расмий маалыматтык ресурстарында жайгаштырылат.

Маданий программа ири фестивалдык форматтарды жана этношаарды камтыйт — бул негизги аянтча болуп, анда өлкөнүн аймактары тирүү маданиятын: кол өнөрчүлүк, музыка, бий, салт-санаа, каада-жөрөлгөлөр жана улуттук ашкананы көрсөтүшөт.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндардын жүрүшүндө эл аралык илимий-практикалык конференцияны өткөрүүнү карайт жана маданий мурас, салттуу практикалар жана этноспорттун азыркы дүйнөдөгү ролу боюнча кесиптик диалогду өнүктүрүүгө багытталган.