Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык секретариаты менен Дүйнөлүк Алыш федерациясынын ортосунда кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлду.
Келишимге Секретариаттын жетекчисинин биринчи орун басары Б. Н. Усенбеков жана Федерациянын президенти Баяман уулу Адилет кол коюшту.
Жолугушууда тараптар «алыш» спорт түрүн жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жайылтуу максатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана биргелешкен аракеттер тууралуу маселелерди талкуулашты.
Келишимге ылайык, Федерация VI ДКОнун алкагында алыш боюнча мелдештерди уюштуруу жана өткөрүү, чет өлкөлүк спортчулардын катышуусун камсыз кылуу, калыстыкты уюштуруу жана катышуучуларды спорттук жабдуулар менен камсыз кылуу милдеттерин өзүнө алат.
Алыш — ДКОнун милдеттүү программасына кирген кыргыз элинин улуттук бел боо күрөшү.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында өтөт.
