Skip to main content

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2016

Дата:

2016-жылдын 3–8-сентябры

Жайгашкан жери:

Чолпон-Ата, Кыргыз Республикасы

Катышуучулар:

62 өлкөдөн 1200дөн ашык катышуучу

Программа:

26 этноспорттук дисциплина, маданий жана илимий программа

ВИК 2016
ВИК 2016
Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары төмөнкүлөрдү тастыктады:

Формат эл аралык деңгээлде туруктуу таанууга ээ болду. 2016-жылы 62 өлкөдөн делегациялар катышып, бул биринчи Оюндарга салыштырмалуу үч эсеге көп болду. Этнодисциплиналардын саны - 26га жетип, ЖМКлардын жана эл аралык уюмдардын көңүлү кыйла артты.

Оюндар идеядан туруктуу институтка өтүүнүн баскычы болуп, долбоор Кыргызстандын жана аймактын маданий дипломатиясында стратегиялык мааниге ээ болду.

САНДАР 2016

Инфографика

Өткөрүлгөн жайлар

Оюндардын программасы салттуу жайларда өттү:

  • Чолпон-Ата ипподрому,
  • «Рух-Ордо» этнокомплекси,
  • Кырчын капчыгайы,
  • ФОК «Газпром»

программа:

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 62 чет мамлекет катышканалардын ичинен 17 өлкө маданий программаларды сунуштаган; спорттук делегациялар 62 өлкөдөн 1200 катышуучу (машыктыруучулар жана спортчулар) менен көрсөтүлгөн.

2016-жылы биринчи Оюндарга салыштырмалуу улуттук спорт түрлөрү боюнча мелдештердин саны көбөйтүлгөн. Ар түрдүү өлкөлөрдүн өкүлдөрү 23 спорт түрү боюнча мелдешкен..

Спорт түрлөрү боюнча жалпы байге фонду 28 млн 400 миң сомду түзгөн.

МАСШТАБДОО

2016-жылдагы Оюндар долбоорду масштабдоого бекем негиз түздү. Дал ушул Оюндар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары глобалдык эл аралык платформага айлана аларын тастыктады. Башка мамлекеттер тарабынан кызыгуу өсүп, оюндарды башка өлкөлөрдө өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр башталып, бул кийин Түркияда жана Казакстанда ишке ашырылды.

Мурунку оюндар

Биз басып өткөн жол