Овари – Батыш Африка элдерине таандык интеллектуалдык-стратегиялык оюн. Аны эки адам ойнойт. Оюн тактасында эки катарга жайгашкан алтыдан бирдей чуңкурча болуп, жалпысы 12 кичине чуңкурчаны түзөт. Ошондой эле оюнчулар таштарды чогулта турган чоң топтоочу чуңкурчалар — сактагычтар бар. «Овари» оюну 48 даана топ (шар) менен ойнолот.
Тактанын өз тарабындагы алты кичине чуңкурча оюнчунун талаасы болуп саналат, ал эми карама-каршы жайгашкан алты чуңкурча атаандашынын талаасы болуп эсептелет. Оюнчулар мүмкүн болушунча көбүрөөк шарларды өз сактагычына топтоого аракет кылышат. Оюнда эң көп шар топтогон оюнчу жеңишке жетет.