Дистанциялык ат марафондору аттын алыс аралыктагы чыдамкайлыгын өнүктүрүүгө жана чабандестин аттын физикалык мүмкүнчүлүктөрүн туура эсептей билүүсүнө багытталган. Марафон боюнча мелдештер табигый шарттарда, атайын белгиленген трассада өткөрүлүп, аралыкты өтүү убактысы эсептелет жана жарыштын жүрүшүндө атка ветеринардык көзөмөл жүргүзүлөт.
Дистанциялык ат марафону 300 км аралыкта командалык эсепте өткөрүлөт. Жарыш 3 күнгө созулуп, күн сайын 100 кмден 2 этапка бөлүнөт, ар бир этап 50 кмди түзөт.