Skip to main content

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары

Көчмөндөрдүн улуу күрөшү

Көчмөндөрдүн улуу күрөшү — көчмөн элдердин бириктирилген бел кур күрөшү.

Бел кур күрөшү — эң байыркы күрөш түрлөрүнүн бири. Ал дүйнөнүн көптөгөн элдеринин маданиятында кездешет. Эки баатыр күч сынашып, эпчилдик жана чыдамкайлык боюнча атаандашкан күрөш тууралуу сүрөттөмөлөр көптөгөн элдердин байыркы китептеринде жана эпосторунда кездешет. Түшүнүүгө жөнөкөйлүгү жана көркөмдүгү менен бел кур күрөшү бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн баштапкы көрүнүшүндө сакталып, дүйнө элдеринин салттуу маданиятында жашап келет.

Көчмөндөрдүн улуу күрөшүнүн эрежелери өтө жөнөкөй, калыстардын кийлигишүүсү минималдуу деңгээлде. Күрөштө негизги бир гана талап бар: жеңишке жетүү үчүн атаандашты жерге ыргытуу керек, эч кандай упай же балл эсептелбейт. Ошондуктан бул мелдештер таза жана адилет кармаштарды өткөрүүгө, абсолюттук жеңүүчүнү аныктоого мүмкүндүк берет. Көчмөндөрдүн улуу күрөшү салмак категорияларына бөлүнбөй өткөрүлөт (абсолюттук салмак категориясы). Байыркы заманда тараза болбогондуктан, мелдештерде көбүнчө эң күчтүү баатырлар жеңишке жетишкен. Анда бир гана абсолюттук жеңүүчү аныкталып, экинчи, үчүнчү жана башка орундар каралган эмес, анткени күрөш төмөнкү принципке негизделген: «Улуу жеңүүчү — бирөө, калгандары — тең (жеңилгендер)!»

Көчмөндөрдүн улуу күрөшүнө башка күрөш түрлөрүндө жеңишке жетишкен балбандар гана катышат. Алар мелдештерде өз элин, өлкөсүн жана өзүнүн күрөш түрүн көрсөтүшөт.

Көчмөндөрдүн улуу күрөшүнүн негизинде төмөнкү принциптер жатат: күрөш атаандаштын курунан кармоо менен жүргүзүлөт, баатырлардын жогорку адеп-ахлактык кайратына шайкеш келген бардык аракеттерге уруксат берилет, ар кандай ыргытуу жеңиш алып келет. Көчмөндөрдүн улуу күрөшүнүн эрежелери, ыкмалары жана жеңүүчүнү аныктоо тартиби азербайжан, иран, түрк, казак, кыргыз, өзбек, орус, түркмөн, монгол, татар, жапон жана башка элдердин салттуу күрөш түрлөрүнүн негизинде түзүлгөн.

Көчмөндөрдүн улуу күрөшү боюнча мелдештин жеңүүчүсү Улуу балбан деп жарыяланат. Анын ысымы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Улуу жеңүүчүлөрүнүн байыркы стилде жасалган китебине алтын тамгалар менен жазылат.

Көчмөндөрдүн улуу күрөшү боюнча мелдештердин бардык жол-жоболору көчмөн элдердин салттарына жана маданиятына ылайык жүргүзүлөт, мелдештер көп кылымдар мурда кандай өткөрүлсө, ошондой форматта уюштурулат. Байыркы мезгилдерде эки касташкан эл бетме-бет келгенде, айрым учурларда салгылашуунун жыйынтыгы көп сандагы жоготуулар менен болгон массалык согушта эмес, ар тараптан чыккан баатыр балбандардын кармашы аркылуу чечилген. Ар бир балбан аренага улуттук кийимде чыгып, атаандашын урматтоо менен саламдашкан. Андан кийин элдик акындар (импровизаторлор) жоокер-балбандын кайратын көтөрүп, анын эрдиктерин ыр, бий жана баян аркылуу даңазалашкан.