Бүгүн, 23-майда Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган «100 КҮН КАЛДЫ» аттуу расмий артка санак тактасын ишке киргизүү аземи өттү.
Саат 18:30дан тарта аянтта улуттук жана салттуу спорт түрлөрү боюнча көрсөтмө оюндар, интерактивдүү зоналар жана өнөктөштөрдүн презентациялык аянтчалары өз ишин баштады. Коноктор көчмөн цивилизациясынын маданий мурастарын чагылдырган оюн-зоок жана спорттук активдүүлүктөргө күбө болушту.
Расмий бөлүктү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов ачып, куттук сөзүн жолдоду.
Официальную часть мероприятия открыл заместитель Председателя Кабинета Министров Кыргызской Республики Улан Маматканов, выступив с приветственной речью.
Андан соң көрүүчүлөрдүн коштоосунда 10дон 1ге чейинки артка саноо жүргүзүлүп, «Старт!» командасынан кийин символикалык баскыч басылды. Майрамдык фанфарлар жаңырып, сахналык атайын эффекттер жана фейерверк уюштурулду.
Расмий бөлүктөн кийин оркестрдин жана чыгармачыл жамааттардын катышуусунда концерттик программа тартууланып, иш-чара майрамдык маанайда жыйынтыкталды.
Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Кубанычбек Иманалиев, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, ири компаниялардын өнөктөштөрү, спорт федерацияларынын жетекчилери, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадорлору, ошондой эле ата мекендик жана эл аралык ЖМК өкүлдөрү катышты.
Белгилесек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — көчмөн элдердин маданиятын, салттуу спортун жана руханий мурасын дүйнөлүк деңгээлде даңазалаган уникалдуу эл аралык долбоор.
«100 күн калды» аземи оюндарга даярдыктын акыркы этабынын символикалык башталышы болуп саналат.