2026-жылдын 23-май күнү саат 19:30да Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында "2026 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 күн калды” аттуу электрондук тактасын ишке киргизүү боюнча салтанаттуу иш-чара өтөт.
“Оюндарга 100 күн калды” датасы дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келе турган катышуучулар, коноктор, туристтер жана Кыргыз Республикасынын эли үчүн маанилүү символикалык этап болуп саналат. Бул дата дүйнөдөгү ири этномаданий жана этноспорттук окуялардын бири болгон Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жакындап келе жатканын билдирет.
Иш-чаранын алкагында шаар тургундары жана коноктору үчүн:
— концерттик программа;
— улуттук спорт түрлөрү боюнча көрсөтмө оюндар;
— өнөктөштөрдүн жана тематикалык аянтчалар;
— VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын сувенирдик продукцияларын таратуу уюштурулат.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү, министирликтер, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгы, өнөктөштөр, ыктыярчылар, шаар тургундары жана коноктор катышат.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргыз Республикасында өтөт.