Бишкекте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык секретариаты менен «Көк-Бөрү» эл аралык ассоциациясынын ортосунда кызматташтык тууралуу келишимге кол коюу аземи өттү.
Документке Секретариаттын жетекчисинин биринчи орун басары Белек Усенбеков жана Ассоциациянын президенти Талас Кенжеев кол коюшту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыкты өнүктүрүү перспективаларын, көк бөрү улуттук спорт түрүн жайылтуу боюнча биргелешкен чараларды, ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын эл аралык деңгээлде таанытуу маселелерин талкуулашты.

Келишимге ылайык, «Көк-Бөрү» эл аралык ассоциациясы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдештерди уюштуруу жана өткөрүү милдетин өзүнө алат. Негизги милдеттердин катарына чет өлкөлүк командалардын катышуусун камсыз кылуу, калыстар курамын түзүү жана керектүү спорттук жабдуулар менен камсыздоо кирет.
Көк бөрү — кыргыз маданиятынын символдорунун бири болуп саналган жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына милдеттүү түрдө кирген салттуу командалык ат оюну.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында өтөт.
