| Кыргызча стиль
Салттуу жаа менен ат үстүндө атуу – көчмөн элдердин жоокердик чеберчилигин чагылдырган салттуу ат спортунун түрү. Чабандес атын ылдамдыкта башкара билип, ошол эле учурда салттуу жаа менен бутага так атуу керек. Чабыш атайын даярдалган жолдо өткөрүлөт, анын бойлой буталар жайгаштырылат. Спортчу атты токтотпостон, жүрүш учурунда ок атуу аракеттерин аткарышы керек. Кыргыз стили — мелдештин эрежелери: Ат чабуу трассасынын узундугу 100 метрди, ал эми туурасы 3 метрди түзөт. Бутанын диаметри – 50 см.
|