| Далба
Салбуурун – аңчы куштар жана тайган иттер менен өткөрүлүүчү кыргыз элинин комплекстүү аңчылык оюндары. Бүркүт, шумкар, карчыга жана тайган менен аңчылык кылуу кыргыз эли үчүн салттуу болуп эсептелет. Бул жапайы жырткыч жаныбарларды адамга кызмат кылууга үйрөтүү үчүн алардын мүнөзүн, адаттарын жана мүмкүнчүлүктөрүн жакшы билүү зарыл болгон. Кыргызстан — бүркүт, шумкар, карчыга жана тайганды чыныгы аңчылыкта колдонуу салты бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган сейрек өлкөлөрдүн бири. Бул аңчылык көңүл ачуу үчүн эмес, үй-бүлөнү камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт. Күчтүү кушту колго кондуруп, анын салмагын, буттарынын күчүн, тумшугунун жана тырмактарынын кубатын сезгенде, анын текебер келбетине жана өтүмдүү карашына эрксизден урмат пайда болот. Аңчылыктын объектилери катары коён, түлкү, карышкыр, чөө, кээде элик эсептелет. Далба – шумкар менен аңчылык кылуу. Бул мелдеш түрүндө шумкардын учуу ылдамдыгы аны вабилого учуруу аркылуу бааланат. Ар бир кушчуга (шумкар менен аңчылык кылуучу) өз кушун сыноо үчүн 3 мүнөт убакыт берилет. Бул убакыт ичинде куш учуп чыгып, абадан кушчу жипке байлап айланткан вабилого кол салууну окшоштуруп аткарышы керек. Вабило кыргоолдун, фазандын жана көгүчкөндүн куйругу менен канатынан алынган жүндөрдөн жасалат. Эрежеге ылайык, калыстар шумкар канча жолу учуп келип, вабилого кол салууну окшоштурганын эсептешет. Жеңүүчү эң көп упай топтогон катышуучу болуп аныкталат. |