Skip to main content

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары

Жорго салыш

Салттуу ат чабыш — кыргыз элинин эң байыркы жана эң кызыктуу спорт түрлөрүнүн бири. Чабыштар ар кандай элдик майрамдарда өткөрүлүп, ал үчүн алыс аралыкка чыдай алган ылдам жана чыдамкай аттар тандалган. Жеңүүчүлөргө сыйлык катары зер буюмдар же мал берилген.

Кадимки чабыштардан тышкары жорго аттар арасында да жарыштар өткөрүлгөн. Жорго — бул эки темп менен чуркоо, анда жаныбардын буттары жуп болуп кезектешип жерге тийет. Мындай жүрүштө ат бир жагынан экинчи жагына ооп тургандай көрүнүп, эки гана туяк үнү угулат. Аттын жорго жүрүшү абдан жогору бааланат, анткени мындай касиет ар бир атта боло бербейт.

Жорго салыш — 11 000 метр аралыктагы жорго аттардын жарышы. Чабандестердин жашы 10 жаштан жогору. Жарышка 3 жаштан жогору бардык тукумдагы аттар катышат.