Skip to main content

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары

Кунан чабыш

Салттуу ат чабыш — кыргыз элинин эң байыркы жана эң кызыктуу спорт түрлөрүнүн бири. Чабыштар ар кандай элдик майрамдарда өткөрүлүп, ал үчүн алыс аралыкка чыдай алган ылдам жана чыдамкай аттар тандалган. Жеңүүчүлөргө сыйлык катары зер буюмдар же мал берилген.

Кунан чабыш — 12 000 метр аралыктагы жарыш. Чабандестердин жашы 10 жаштан жогору. Жарышка 2024-жылы туулган бардык тукумдагы аттар катышат.