Салттуу ат чабыш — кыргыз элинин эң байыркы жана эң кызыктуу спорт түрлөрүнүн бири. Чабыштар ар кандай элдик майрамдарда өткөрүлүп, ал үчүн алыс аралыкка чыдай алган ылдам жана чыдамкай аттар тандалган. Жеңүүчүлөргө сыйлык катары зер буюмдар же мал берилген.
Аламан чабыш — 25 000 метр аралыктагы жарыш. Чабандестердин жашы 10 жаштан жогору. Жарышка 3 жаштан жогору бардык тукумдагы аттар катышат.