ДКОнун Эл аралык катчылыгы менен Россиянын Улуттук жана Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча комитети кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында ДКОнун Эл аралык катчылыгы менен Россиянын Улуттук жана Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча комитети кызматташтык жөнүндө келишим түзүштү.
Келишимге ылайык:
• Комитет Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен биргеликте ДКОго катышуу үчүн улуттук делегацияны — спортчуларды, маданият жана илим өкүлдөрүн түзүүгө ыйгарым укук алат;
• Комитет Россиядагы ДКОнун Эл аралык катчылыгынын кызыкчылыктарын көрсөтүп, делегациянын катышуусун уюштурууну жана аккредитациядан өтүүсүн камсыздайт;
• Комитет делегацияны авиабилеттер, бирдиктүү форма жана кошумча логистикалык камсыздоо үчүн каражаттарды тартуу боюнча милдеттенмелерди өзүнө алат.
Мындай келишимдерди түзүү «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» долбоорун өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Бул туруктуу эл аралык кызматташтыкты көрсөтүп, ишенимдүү жана тажрыйбалуу өнөктөштөрдүн негизинде катышуучу өлкөлөрдүн оюндарга катышуу системасын калыптандырат. Келишимдер ар бир өнөктөш мамлекет өз өлкөсүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында татыктуу көрсөтүү үчүн ресурстарды жана тажрыйбаны бириктире алган кадыр-барктуу уюмдар аркылуу процесске тартылган системалуу мамиленин маанилүү куралы болуп эсептелет.

