Skip to main content

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары

Спорттук программа

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

ДКOнун спорттук программасы этноспорттун жана элдик оюндардын мыкты салттарын бириктирип, аларды эл аралык деңгээлде көрсөтөт.
Мелдештердин негизги категориялары:
Дисциплиналардын толук тизмеси «Жобо» документинде жарыяланган
КАТЫШУУ ЖАНА КОМАНДАЛАР
  • Ар бир өлкө, эгерде эрежелерде башкача каралбасаар бир спорт түрү боюнча бир гана команда көрсөтө алат.
  • Делегациялардын курамы улуттук федерациялар, ассоциациялар же өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдары тарабынан аныкталат.
  • Кураманын курамы боюнча бирдиктүү чечим жок болгон учурда акыркы чечимди ДКОнун Секретариаты кабыл алат.
  • Делегация мүчөлөрү парад үчүн бирдиктүү улуттук формага жана мелдештер үчүн спорттук формага ээ болууга тийиш.

 

Делегациялардын курамы боюнча деталдуу квоталар «Жобо» документинде жарыяланган

  • Негизги дисциплиналар — 18 жаштан.
  • Интеллектуалдык оюндар — 14 жаштан.
  • Ат чабыштар — 12 жаштан.
  • Уюштуруу комитети аянтчаларда жана жашоо жайларында коопсуздукту камсыздайт.
  • Спортчулардын жана жаныбарлардын жеке коопсуздугу үчүн жоопкерчилик катышуучу өлкөлөрдүн командаларына жүктөлөт.
  • Бардык катышуучулар өмүрүн жана ден соолугун камсыздандыруу полисине ээ болууга тийиш.

Ат чабыштарга жана жаныбарлар менен аңчылык мелдештерине катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

  • эмдөө белгилери коюлган ветеринардык паспорттор
  • медициналык маалымкаттар
  • идентификациялык номерлер (микрочиптер, аңчы куштар үчүн шакектер)

 

Бардык жол-жоболор ЕАЭБдин эрежелерине ылайык жүргүзүлөт (Бажы союзу комиссиясынын №317 чечими).

  • Мелдештер ДКОнун Уюштуруу комитети жана эл аралык федерациялар тарабынан бекитилген эрежелер боюнча өткөрүлөт.
  • Калыстыкты Уюштуруу комитети тарабынан бекитилген улуттук жана эл аралык калыстар жүргүзөт.
  • Талаш маселелер талаштуу кырдаал жаралгандан кийин 1 сааттын ичинде жазуу түрүндө протест берүү аркылуу чечилет (сүрөт жана видео материалдар тиркелиши керек).

Команданын машыктыруучусу же жетекчиси мандаттык комиссияга төмөнкү документтерди тапшырууга милдеттүү:

  • катышуучулардын паспорттору
  • мелдешке катышууга уруксат берилген медициналык маалымкаттар
  • кырсыктан камсыздандыруу полистери

Ат чабыштарга жана аңчылыкка катышуучулар үчүн кошумча:

  • жаныбарлардын паспорттору жана маалымкаттары
  • куштар менен иттердин идентификациялык документтери

 

Документтер текшерилгенден кийин комиссия команданы мелдешке катыштырууга уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алат.