Skip to main content

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2024

Дата:

2024-жылдын 8–13-сентябры

Жайгашкан жери:

Астана, Казакстан

Катышуучулар:

89 өлкөдөн 2800 делегат

Программа:

21 этноспорттук дисциплина, 100дөн ашуун маданий иш-чара, илимий конференция

ВИК 2024
ВИК 2024
ВИК 2024
ВИК 2024
Астана, Казакстан

2024-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары алгачкы жолу Казакстандын борбору — Астана шаарында өттү.

Бул Кыргызстандан тышкары өткөрүлгөн экинчи Оюндар болуп, алардын эл аралык платформа катары макамын дагы бир жолу тастыктады.

Астана иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруп, этноспортту, этномаданиятты жана илимди бириктирди. Долбоор маданияттар ортосундагы диалог үчүн көпүрө болуп, көчмөн мурастын заманбап дүйнөдөгү актуалдуулугун көрсөттү.

САНДАР 2024

Инфографика

СПОРТТУК ПРОГРАММА:

Салттуу күрөш, ат оюндары, жаа атуу жана интеллектуалдык оюндарды камтыган 21 дисциплина.

Катышуучулардын демилгеси менен аялдар категориялары киргизилди.

МАДАНИЙ ПРОГРАММА:

«Көчмөндөр ааламы» этношаарчасында 100дөн ашуун иш-чара уюштурулду: концерттер, көргөзмөлөр, улуттук ашканалар, кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар жана айтыштар.

Илимий программа:

«Көчмөндөр: тарых, билим жана сабактар» аттуу эл аралык конференция XXI кылымдагы көчмөн салттарынын ролун талкуулоо үчүн эксперттерди чогултту.

Өткөрүлгөн жайлар: «Казанат» ипподрому, «Аргымак» жаа атуу аянты, муз сарайы, Жекеме-жек сарайы, этноайыл.

2026-жылдагы КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ Кыргызстанда өтөт

Казакстандагы жабылуу аземинде кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү укугу бул ири долбоордун негиздөөчүсү болгон Кыргызстанга өткөрүлүп берилди. Бул салт Оюндардын дүйнөлүк масштабын сактоо менен бирге, анын башатына болгон урматты жана мураскерлик байланышты баса белгилейт.