Skip to main content

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары

Таяк тартыш (мас-реслинг)

Таяк тартыш – якут элинин улуттук спорт түрү.

Буюмдарды (таяк, камчы, тери, тактай, найза, аркан) тартышууга негизделген салттуу элдик оюн дүйнөнүн көптөгөн элдеринде кездешкен. Мисалы, якуттарда — мас тардыһыы, кыргыздарда — таяк тартыш, түрк элинде — агач гүреш, англисче вариантында — stick pull жана башкалар.

Мас-рестлингде атаандаштар бири-бирине каршы отуруп, кырынан коюлган тактайга буттары менен таянып, таякты эки колу менен кармашат. Жеңишке жетүү үчүн спортчу атаандашынын колунан таякты тартып алышы же аны таяк менен кошо өз тарабына тартып өтүшү керек. Беттеш балбандардын бирөөсү эки жолу жеңишке жеткенге чейин уланат.