Skip to main content

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары

Кыргыз күрөш

Кыргыз күрөш — кыргыз элинин эң байыркы улуттук күрөш түрлөрүнүн бири.

Тарыхта ар бир эл өзүнүн элинин намысын коргоп, согуш жортуулдарында жана ири майрамдарда күч сынашкан баатырларды тарбиялоого өзгөчө көңүл бурган. Мындай майрамдарда негизги орунду улуттук күрөш боюнча мелдештер ээлеген.

Уламыштарда, санжыраларда жана тарыхый булактарда атактуу балбандар тууралуу көптөгөн маалыматтар сакталган. Күрөш болсо салттуу маданияттын ажырагыс бөлүгүнө айланып, анын мааниси бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет.

Спортчулар атайын килемде бири-бирине каршы туруп, атаандашынын курунан эки колу менен кармашат. Кармаш учурунда кыска убакытка бир кол менен кармоого уруксат берилет. Кармашта атаандашын далысына жыгууга жетишкен спортчу жеңүүчү деп табылат.