Бишкек шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын волонтёрлору менен Уюштуруу комитетинин өкүлдөрүнүн катышуусунда алгачкы ири маалыматтык жолугушуу өтөт.
Бул 2026-жылдын эң башкы эл аралык окуясы боюнча жаштар менен жандуу диалогдун расмий башталышы болуп саналат.
Жолугушуунун катышуучулары төмөнкү мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат:
— VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын волонтёру болуунун жол-жобосу тууралуу маалымат алышат;
— VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү иштери менен таанышышат;
— волонтёрлор штабынын командасы менен жолугушат;
— тандоо этаптары тууралуу кеңири маалымат алышат;
— Уюштуруу комитетинин өкүлдөрүнө суроолорун бере алышат;
— волонтёрлор үчүн каралган багыттар жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат алышат.
Жолугушуу студенттерди, активдүү жаштарды жана дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чаранын бир бөлүгү болууну каалагандардын бардыгын бириктирет.
📍Өтүү күнү жана убактысы: 21-февраль, саат 12:00
📍 Өтүү жери: American University of Central Asia (AUCA)
ДКО 2026 командадан башталат.
Иш-чарага катталуу шилтемеси: Катталуу
